Новости школы

Групповой чат

2021 жылдын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине шайлоо учурундагы үгүт иштерин жүргүзүү өзгөчүлүктөрү
Демократия үчүн Вестминстер фонду (WFD), Жарандык өнүгүү институту менен
биргеликте, Кыргызстанда парламенттик шайлоонун алдында жек көрүүчүлүккө каршы
кампанияны баштады. Бул өнөктүк Европа Биримдиги тарабынан каржыланган "Медиа
диалог" долбоорунун алкагында өткөрүлүп жана саясий партиялардын, жаштардын жана
жарандык активисттердин арасында кастык тили деген эмне экенин, аны менен кантип
күрөшүү керектигин жана үгүт кампаниянын жүрүшүндө жек көрүүчүлүк сөздөрдү
колдонууну кантип азайтуу керектигин маалымдоого багытталган.
Тренингдин максаты - талапкерлерге жана саясий партияларга Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда шайлоо алдындагы үгүт
жүргүзүүнүн эрежелерин түшүндүрүү, анын ичинде телеканалда дебаттарды өткөрүү,
үналгы, басма сөз каражаттары жана интернет басылмалары аркылуу үгүт иштерин
жүргүзүү, үгүт иш -чараларын жүргүзүү, шайлоо талаш -тартыштарын, аларды кароонун
мөөнөтүн жана тартибин тактоо.
Тренингтин материалдарынан административдик ресурсту колдонбоого багытталган жаңы
жоболору, үгүт иштерин жүргүзүүнун жаңы ченемдери, дебаттарды өткөрүү эрежелери,
добуш сатп алуу үчүн жоопкерчилиги жана башка партияларга карата негативдүү
сөздөрдү колдонуу үчүн жоопкерчилиги тууралуу биле аласыздар.

Презентация “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын
шайлоонун жүрүшүндө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү жана
шайлоо алдындагы мезгилде касташуутилин жана жек көрүүнү болтурбоо”.
Чоңойтуу үчүн слайдты басыңыз.

Презентация “КР ЖКга шайлоо өнөктүгү учурунда жек көрүү жана кастык тилин
болтурбоо жана ага бөгөт коюу”. Чоңойтуу үчүн слайдты басыңыз.

Презентация “Шайлоо комиссиялары караган талаштар”. Чоңойтуу үчүн слайдты
басыңыз.

Активдүү жаштарждан жана жарандык активистерден КР ЖКнын депутатына
талапкерлерине кайрылуу.
Обращение к кандидатам_ кыргыз. яз